Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тамак-аш куюп ичүү үчүн, азык-түлүктөрдү сактоо үчүн, ошондой эле ар кандай нерселерди салып коюу максатында колдонулуучу чыны, табак, кап сыяктуу буюмдардын жалпы аты. Калай чөмүчтү батыра сузуп, чоң эне өзү идиштерге тамак үлөштүрө баштады (Сыдыкбеков). Өрүшүнө мал жайнап, Идиш толо бал-каймак, Чарбасы өскөн кыргыздын (Калык).